Барскоон – Каракол жолунун 75 чакырымын реконструкциялоо иштери башталды

Аймак 13 июнь 2025 11:33
767331676886257_big.jpg
506000182_1024500776525335_5360659234070728886_n.jpg
506045658_1024501163191963_3874346454670574314_n.jpg
506048517_1024501073191972_3021872857485109844_n.jpg
506048593_1024500633192016_5155548911224785451_n.jpg
506050389_1024500863191993_6781602469576273791_n.jpg
506052494_1024500823191997_2263076094559383017_n.jpg
506643302_1024500963191983_3779592471933590655_n.jpg
506698665_1024501029858643_7206962337693747655_n.jpg
506884373_1024501263191953_5201088199877992176_n.jpg
506886963_1024501106525302_4215306277422933477_n.jpg
506991384_1024500923191987_3093849608100416840_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon WWW

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Бүгүн Жети-Өгүз районунда Барскоон – Каракол унаа жолун реконструкциялоого старт берилди.

Иш-чарага транспорт жана коммуникациялар министри Абсатар Сыргабаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Бакытбек Жетигенов, Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү жана Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, жергиликтүү тургундар катышты.

Министр Сыргабаев бул долбоор — Ысык-Көл облусунун транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам экенин белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду.

"Ысык-Көл айланма жолунун жалпы узундугу 440 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө дээрлик 365 чакырымды түзгөн участокторунда каржы булактары аныкталып, 333 чакырымында реконструкция иштери жүрүп жатат. Президент Жапаров Садыр Жапаровдун колдоосу менен бул долбоордук участокту каржылоо маселеси чечилип, бүгүнкү күндө курулуш иштери башталганы турат. Долбоор — Ысык-Көл облусунун транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам.

II техникалык категорияга ылайык иштелип чыгып, учурдагы эки тилкелүү жол төрт тилкелүү болуп кеңеет. Ошондой эле, тротуарларды, жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктөрдү, көпүрөлөрдү реконструкциялоо, лотокторду куруу жана калктуу конуштарда көчөлөрдү жарыктандыруу каралган.

Мындан сырткары, аталган долбоордун ишке ашырылышы Ысык-Көл облусунун тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жол шарттарын түзүп, туризмди өнүктүрүүгө жана экономикалык өсүшкө өбөлгө болот.

Башкы подрядчы катары Борбор Азияда жана башка көптөгөн мамлекеттерде ири жолдорду жана көпүрөлөрдү куруп, өзүнүн ишенимдүүлүгүн далилдеген Кытайдын "Чайна Роуд энд Бридж Корпорэйшн" компаниясы тандалды",-деди министр Сыргабаев.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл айланма жолунун Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки 141–216-чакырымдагы, узундугу 75 чакырым болгон тилкеси реконструкцияланат.