Барскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер өтмөк курулат

Аймак 23 Март 2026 14:20
1.jpg
656385828_1249331580708919_4912259184274158307_n.jpg
656469207_1249331620708915_4479043976352412529_n.jpg
656628634_1249331667375577_6556727704929002610_n.jpg
656904609_1249331577375586_5319122630129913157_n.jpg
657687014_1249330420709035_3887498889354406039_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Барскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер өтмөк курулат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Ысык-Көл айланма жолунун Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки 141-216-чакырым аралыгын реконструкциялоо иштери кызуу уланууда. Подрядчы компания тарабынан 143 атайын техника тартылып, мобилизациялоо иштери толук аяктады.

"Азыркы тапта жол четин кеңейтүү, лотокторду орнотуу жана сүрүп-тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Барскоон – Каракол унаа жолунун 75 чакырымын реконструкциялоого старт берилген.

Долбоордо 5 көпүрөнү куруу, 8 даана жер алдынан өтүүчү өтмөк, калк жайгашкан жерлерде тротуар, жарыктандыруу каралган. Курулуш иштери 2025-2028-жылдардын аралыгында бүткөрүлөт. Кепилдик мөөнөтү – 5 жыл.