Барскоон – Бедел жолундагы туннелдерге мониторинг системасы орнотулат

Аймак Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 13:10
742381660_3534.max-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 06.08.26 /Кабар/. Барскоон – Бедел унаа жолундагы туннелдер заманбап жарыктандыруу, резервдик электр камсыздоо жана мониторинг системалары менен жабдылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Кыргызстандагы China Road And Bridge Corporation компаниясынын жолду долбоорлоо бөлүмүнүн менеджери Жа Чжи Чжун билдирди.

Анын айтымында, туннелдердин ичинде жарыктандыруу үчүн атайын кабелдер тартылат.

Электр энергиясы үзгүлтүккө учураган учурда жолду үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн эки автоматтык генератор орнотулат. Алар электр өчкөндө өз алдынча ишке кирет.

Мындан тышкары, туннелдерде мониторинг системасы иштейт. Кандайдыр бир мүчүлүштүк жаралса, маалымат дароо адистерге түшүп, алар көйгөйдү жоюу үчүн ыкчам түрдө жерине чыгышат.

Видеобайкоо борбору түндүк сервистик аймакта жайгашат.