Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Барскоон – Бедел унаа жолунда мобилдик байланышты камсыздоо маселеси каралууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Барскоон – Бедел" мамлекеттик дирекциясынын башкы директору Акылбек Мусабаев билдирди.
Анын айтымында, учурда бул багытта "МЕГА" оператору менен иштер жүргүзүлүүдө. Кийинчерээк башка байланыш операторлору менен да кызматташуу пландалууда.
"Бул жолдо байланыш жана интернет боюнча көйгөй болбойт", – деди Мусабаев.