Барскоон – Бедел жолун курууга 600дөн ашык адам жана 200 техника тартылды

Аймак Загрузка... 27 Апрель 2026 09:10
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Стратегиялык маанидеги Барскоон – Бедел унаа жолун курууга 600дөн ашык адам жана 200дөн ашык атайын техника тартылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жолдун жалпы узундугу болжол менен - 161 чакырымды түзөт.

Курулуш алкагында жаңы унаа жолунда 50дөн ашык көпүрө, 2 туннель жана кошумча инженердик курулмалар салынат. Иштер былтыр 26-августта башталган, жалпы мөөнөтү 5 жыл. Негизги иштерди 2029-жылы аяктап, объектти 2030-жылы пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.

Курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышкан транспорт министри Талантбек Солтобаев иштерди ылдамдатуу, сапатка өзгөчө көңүл буруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.