Барскоон – Бедел жолун куруу: Эки туннель казылууда

Аймак 1060 10 Июль 2026 12:30
742060784_1341065564868853_6438505279297655844_n.jpg
742338806_1341065578202185_8092889723019663099_n.jpg
742489761_1341065604868849_4088234460765808822_n.jpg
742977713_1341065651535511_390577643287514933_n.jpg
743347383_1341065524868857_1991046780965636739_n.jpg
743484389_1341065558202187_8198476296877635119_n.jpg
743796731_1341065531535523_4680956363164721138_n (1).jpg
744535735_1341065614868848_6112943559043830521_n.jpg
745282927_1341065588202184_1971937357150585307_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытайды байланыштыра турган Барскоон – Бедел эл аралык унаа жолунун курулушунда Сөөк жана Ашуу-Суу туннелдерин казуу иштери кызуу жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, №1 туннелди (Сөөк) казуу иштери 365 метрге, ал эми жардамчы (пилоттук) туннелди казуу 466,2 метрге жетти.

Ал эми №2 туннелди (Ашуу-Суу) казуу иштери 270,2 метрге, пилоттук бөлүгү 361,4 метрге жетти.

"Жалпы узундугу 161 чакырымды түзгөн бул стратегиялык жолдун курулушуна 1 700дөн ашык жумушчу жана 814 даана атайын техника тартылган. Долбоорду Кытайдын белгилүү "China Road and Bridge Corporation" компаниясы ишке ашырууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул жол курулуп бүтсө, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жаңы эл аралык транспорттук коридор ачылып, өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрү жана экономикасы жаңы деңгээлге көтөрүлөт. Подрядчы компанияга жумушту жогорку сапатта жана бекитилген графикке ылайык өз убагында бүткөрүү тапшырмасы берилди.