Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Барскоон – Бедел унаа жолу 2028–2029-жылдары пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, жаңы жол Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы үчүнчү өткөрмө пункт болот. Учурда эки өлкөнүн ортосунда Эркечтам жана Торугарт өткөрмө бекеттери иштеп жатат.
Президенттин белгилешинче, Барскоон – Бедел жолу ишке берилгенде Кытайга каттаган жол бир тарапка 650 чакырымга жакын кыскарат. Натыйжада эки тарапка эсептегенде жол 1300 чакырымга чейин кыскарат.
“Бул жол бир эле тарабына 650 чакырымга жакын жолду кыскарат. Ошондо эки тарабы 1300 чакырым жол болот”, — деди Жапаров.
Мамлекет башчысынын айтымында, жол Кыргызстандын өз бюджетинин эсебинен курулууда. Долбоордун чыгымы жыл сайын төлөнүп, 5 жыл ичинде жабылат. Курулуш иштерин 3 жылда бүткөрүү пландалган.