Барскоон – Бедел унаа жолу: Эки туннель жана 50дөн ашык көпүрө курулууда

Аймак 12 Июнь 2026 12:00
1.jpg
719899704_1316794407295969_5663363475110070064_n.jpg
720010467_1316794353962641_4718644025017257378_n.jpg
721289838_1316794307295979_8315442061438544701_n.jpg
721339877_1316794340629309_4948732919410550917_n.jpg
721463781_1316794330629310_8978430227170334425_n.jpg
721575506_1316794393962637_5352184960381059435_n.jpg
721641476_1316794377295972_648524872978636927_n.jpg
722205464_1316794240629319_6777193567286043259_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда стратегиялык мааниге ээ Барскоон – Бедел унаа жолунун курулушу кызуу жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда узундугу 161 чакырымды түзгөн жолдун геодезиялык жана инженердик изилдөөлөрү толук аяктап, долбоордук документтери даяр болду.

Мындан тышкары, Сөөк жана Ашуу-Суу туннелдеринде казуу иштери жүрүп жатат. Эстакадалык көпүрөлөр үчүн пайдубал устундарын орнотуу иштери башталды. Ошондой эле курулушту жана элдин кыймылын жеңилдетүү үчүн Карасай дарыясына узундугу 60 метрлик убактылуу көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди.

"Объектте бетон заводдору, майдалоо комплекстери жана убактылуу өндүрүштүк базалар ишке киргизилди. Керектүү техникалар жеткирилип, кошумча жабдууларды алып келүү уланууда. Жалпысынан 50дөн ашык көпүрө, 2 туннель жана башка коргоочу инфраструктуралык курулуштарды салуу каралган", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта курулушта 1 100дөн ашык жумушчу эмгектенүүдө, жакында алардын санын 1 500 – 2 500 адамга чейин көбөйтүү пландалууда.

Курулуш иштери бекитилген графикке ылайык туруктуу жүрүп жатат. Долбоордун негизги иштерин 2029-жылы аяктоо, ал эми жолду 2030-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.