Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Узундугу 161 чакырымды түзгөн Барскоон – Бедел унаа жолу эки тилкелүү болуп курулат. Бул тууралуу Кыргызстан менен Кытайдын биргелешкен пресс-туру учурунда Кыргызстандагы China Road And Bridge Corporation компаниясынын башкы директорунун орун басары Цай Юй билдирди.
Анын айтымында, жол курулушун толугу менен аяктап, объектти пайдаланууга берүү 2030-жылга пландалууда.

"Каттам негизинен деңиз деңгээлинен 3000 метрден ашык бийиктиктеги татаал тоолуу аймактар аркылуу өтөт. Долбоордо 50дөн ашык көпүрө, анын ичинде үч ири көпүрө, ошондой эле эки туннель жана бир жол түйүнүнүн курулушу каралган", – деди Цай Юй.
Ал белгилегендей, эң ири объект – Барскоон дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрө болот. Анын узундугу 360 метр, бийиктиги 80 метрди түзөт. Курулуш аяктагандан кийин бул Кыргызстандагы эң чоң көпүрө болмокчу.

Мындан тышкары, Тарагай дарыясы аркылуу узундугу 287 метр болгон көпүрө жана Кара-Сай дарыясындагы узундугу 417 метрлик көпүрө курулат.
"Долбоорго эки туннель да кирет. Сөөк ашуусунда жайгашкан №1 "Сөөк" туннелинин узундугу 5340 метрди түзөт. Ал эми ушул эле аталыштагы ашууда курула турган №2 "Ашуу-Суу" туннелинин узундугу 3788 метр болот. Эки туннель тең заманбап жарыктандыруу системалары менен жабдылат", – деп кошумчалады Цай Юй.
Компания өкүлүнүн маалыматына ылайык, курулуш аяктагандан кийин объектке 5 жылдык кепилдик мөөнөтү берилет.