Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан Барскоон айылын кыргыз-кытай чек арасындагы Бедел өткөрүү пункту менен байланыштырган унаа жолдун жалпы узундугу болжол менен 150 чакырымды түзөт.
Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, курулуш дээрлик 5 жылга созулары күтүлүүдө. Долбоор жолдун категориясын өзгөртүүнү, эки туннелди жана 30дан ашык көпүрөнү, ошондой эле кар көчкүдөн, таш кулоодон жана селден тосмолорду салуу үчүн галереяларды курууну камтыйт.
Мындан тышкары жолдун бардык узундугуна эки комплекстүү тейлөө зонасын куруу пландалууда. Бул зоналардагы негизги объектилерге унаа токтотуучу жайлар, май куюучу станциялар, электр унааларын заряддоо станциялары, тейлөө объектилери, соода имараттары, ошондой эле жол тейлөө ишканалары үчүн кеңселер жана кампалар кирет.
Магистраль 2029-жылдын күзүндө унаалар үчүн ачык болот.
Эске сала кетсек, 2024-жылы Барскоон-Үч-Турпан-Аксуу эл аралык коридорунун курулуш иштери башталып, Бедел постуна чейин 58 чакырымга созулган убактылуу жолдун курулушу аяктаган.