Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолуна кар көчкү түшүп, каттам жабылды

Аймак Загрузка... 11 Декабрь 2025 09:35
597251460_1168074268834651_4427936283781301114_n.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 62-65-чакырымына катуу жааган кардан улам кар көчкү түшүп, каттам жабылды.

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, учурда №3 Жол тейлөө ишканасы тарабынан карды тазалоо иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, күн мурун Каракол – Эңилчек унаа жолуна дагы кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.