Барпы театры шал оорусунан жабыркаган бала жөнүндөгү спектаклин тартуулайт

Аймак Загрузка... 16 Июнь 2025 14:44
WhatsApp Image 2025-06-16 at 14.29.14.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 16.06.25 /Кабар/. Эртең, 17-июнда Жалал-Абад облусундагы Барпы атындагы кыргыз драма театры шал оорусу менен ооруган бала жөнүндөгү "Нурамандын ак чатыры" спектаклин тартуулайт. Бул тууралуу театрдын басма сөз кызматы кабарлады.

Чыгарманы театрдын артисти Руслан Исмаилов сахналаштырган.

Маалыматта белгиленгендей, "Ак чатыр" - бул оор тагдырга туш болгон, церебралдык шал оорусу менен жабыркаган Нураман аттуу баланын тагдыры жана анын үй-бүлөсүнүн турмушу чагылдырган терең драмалык чыгарма. Ал Айтбек Төлөнбаевдин калемине таандык.