Бардык тармактар электр энергиясына түздөн-түз көз каранды – Садыр Жапаров

Президент Загрузка... 24 Декабрь 2025 15:20
b3cea892f0dcd654494b97377f66eaf4.jpg

Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Өлкөдөгү бардык тармактар электр энергиясына түздөн-түз көз каранды болгондуктан, бул сектор стратегиялык мааниге ээ. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда Чүй облусунун Кемин районунда кубаттуулугу 100 мегаватт болгон биринчи күн электр станциясынын расмий ишке киргизүү аземинде билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, өндүрүш, кен иштетүү, тейлөө, айыл чарба жана башка бир катар секторлор толугу менен электр энергиясына таянат. Мына ошондуктан электр кубатын өндүрүү жаатында бир топ иштерди аткарылууда.

“Өлкөбүз үчүн мааниси зор болгон Токтогул ГЭСинин төрт агрегатынын баары жаңыртылып, реконструкциядан кийин ГЭСтин кубаттуулугу 1200дөн 1440 мегаваттка чейин жогорулады. Муну менен ГЭСтердин локомотиви болгон «Токтогулдун» өмүрүн дагы 40-50 жылга узарттык десек болот. Ошону менен катар быйыл эле Чүй, Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад облустарында бир катар чакан ГЭСтер курулуп ишке киргизилди. Жакынкы аралыкта дагы бир катар чакан гидроэлектростанция пайдаланууга берилгени турат. Дагы бир канча гидроэлектростанция куруу үчүн даярдык жана долбоорлоо иштери жүрүп жатат”, - деп айтты президент.