Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарда жарандардын укуктары бузулса кайда кайрылуу керектигин айтып берди
Финансы-кредиттик уюм менен пикир келишпестик келип чыккан учурда эмне кылуу керек?
Финансы-кредиттик уюмдар өз ишин банк мыйзамдарына ылайык, банк мыйзамдарына каршы келбеген эрежелерди жана жол-жоболорду иштеп чыгуу менен өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат. Пикир келишпестик жаралган учурда эң алгач банкка түздөн-түз кайрылуу зарыл.
"Банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамдын (мындан ары – мыйзам) 6-беренесинин 1-пунктуна ылайык, банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдардын кардарлар менен өз ара мамилелери ушул мыйзамга ылайык өнөктөштүк принцибинин, Кыргызстандын жарандык жана башка мыйзамдарынын негизинде түзүлөт.
Ошондой эле келишим ыктыярдуу, эркин жана жарандык укуктарды тоскоолдуксуз ишке ашыруу принцибинде түзүлө тургандыгын белгилеп кетүү зарыл. Эгерде, келишимдин аткаруу процессинде кандайдыр бир талаш маселелер келип чыкса жана аларды эки тараптын макулдашуусу менен чечүү мүмкүн болбосо, анда алар аталган мыйзамдын 12-беренесинин 3-пунктуна ылайык, анын ичинде талаш маселени сотко чейин жөнгө салуу тартибинде чечилет.
Керектөөчүнүн кайрылуусу негиздүү жана укук ченемдүү болуп далилденген учурда финансы-кредиттик уюм орун алган мыйзам бузууларды четтетүү, керектөөчүнүн укуктарын калыбына келтирүү жана мыйзамдуу таламдарды коргоо жагында тиешелүү чараларды кабыл алат.
Жарандардын кайрылууларын кароонун белгилүү бир жол-жобосу барбы?
"Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө" (КР Улуттук банк башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 токтому менен бекитилген) жобого ылайык, ар бир финансы-кредит уюмунда кайрылууларды кароо жол-жобосу болуусу зарыл. Жол-жобо жана кайрылууларды сунуштоо ыкмалары (каналдары) тууралуу кеңири маалымат, ошондой эле Даттанууларды жана сунуштарды каттоо китепчеси ар бир кеңседе көрүнүктүү жерде же маалымат такталарында жайгаштырылууга тийиш. Кайрылууларды кароо жол-жобосунун электрондук версиясы (керектөөчүгө тиешелүү бөлүгү) финансы-кредит уюмунун расмий интернет-сайтында (болгон шартта) жайгаштырылышы керек. Финансы-кредит уюмдарынын башкы кеңсесинде жана филиалдарында керектөөчүлөрдүн кайрылуулары боюнча иш алып барган жооптуу кызматкерлер бар, алар кайсы учурда болбосун кардарларды уюмда белгиленген эрежелер менен тааныштырууга милдеттүү. Ошондой эле кызматкерлер керектөөчүгө телефон аркылуу оозеки кеп-кеңештерди берип, зарыл учурда кат жүзүндө кайрылууну түзүүгө жардам беришет. Кайрылуу үчүн телефон номерлери финансы-кредит уюмунун маалымат такталарында жана расмий сайтында (болгон шартта) жайгаштырылууга тийиш.
Керектөөчүнүн кайрылуусу ички жол-жобого ылайык бекитилген тартипте финансы-кредит уюмунда кароого алынат. Финансы-кредиттик уюму кайрылуулардын адилеттүү, ар тараптуу жана өз убагында каралышын камсыз кылууга жана белгиленген тартипте алар боюнча түшүндүрмө берүүгө милдеттүү.
Керектөөчүлөрдүн кайрылуулары оозеки сыяктуу эле (телефон аркылуу же кабыл алууга катталуу), кат жүзүндө сунушталышы, жеткирилип берилиши, почта байланышы аркылуу жөнөтүлүшү, финансы-кредиттик уюмунун электрондук почтасына жөнөтүлүшү же даттанууларды жана сунуштарды каттоо китепчесинде чагылдырылышы керек.
Кайрылууну кантип туура жазууга болот?
Мында документтин кандайдыр бир бирдиктүү формасы жок. Кайрылууну эркин жазууга болот. Бирок, жазуу түрүндөгү өтүнүч катка карата белгиленген жалпы талаптарга таянуу зарыл. Жазуу түрүндөгү кайрылууда сөзсүз түрдө кайрылуу кимден жана кимге даректелгендигин, башкача айтканда жеке маалыматыңызды: жооп кайра жөнөтүлүүчү дарек, телефон номери; кайрылуу даректелген финансы-кредит уюмдун аталышы жана белгилүү бир кызмат адамынын аты-жөнү көрсөтүлүүгө тийиш. Кайрылууда өтүнүч каттын же даттануунун мазмунун, башкача айтканда иштин айкын жагдайын, далилдерди келтирүү менен банктын кандай аракеттери же аракеттенбей коюуларынан улам сиздин кайсы укуктарыңыз бузууга жол берилгендигин чагылдыруу зарыл. Аргументтер келтирилүүгө тийиш. Зарыл учурда, жазуу жүзүндөгү далилдерди, кардардын билдирүүсүн тастыктаган документтерди тиркөөгө болот. Бул, кредиттик келишимдин көчүрмөсү, тигил же бул кызмат үчүн төлөө квитанциясы, эсеп көчүрмөсү жана башкалар болушу мүмкүн. Мындан тышкары, арыз ээси тарабынан кайрылуу же даттануу боюнча кандай чечимдин кабыл алынышы күтүлүп жаткандыгын билдирүү зарыл. Албетте, кайрылуунун сунушталган күнү көрсөтүлүп, кол коюлууга тийиш. Маселени кыскача жана түшүнүктүү чагылдырууну сунуштайбыз. Мында, фактыларды көбүрөөк келтирүү маанилүү болуп саналат.
Финансы-кредиттик уюму жоопту канча убакыт ичинде берүүгө тийиш?
Керектөөчүлөрдүн финансы-кредиттик уюмга келип түшкөн жазуу жүзүндөгү кайрылуулары отуз календардык күндөн кечиктирилбестен каралууга жана ага жазуу жүзүндө жооп жөнөтүлүүгө тийиш.
Финансы-кредиттик уюмунун жетекчилигинин кабыл алуусуна кантип кирүүгө болот?
"Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун 34-беренесине ылайык ФКУнун аткаруу органынын жетекчилери же башка ыйгарым укуктуу мүчөлөрү, керектөөчүлөрдү ФКУнун расмий сайтында (болгон шартта) жана маалымат такталарында жайгаштырылган, бекитилген графикке ылайык жеке кабыл алууга милдеттүү.
Финансы-кредиттик уюмунун жооптуу кызматкери да керектөөчүлөрдү туруктуу негизде кабыл алып турушат.
Улуттук банкка даттануулар менен ким, кандай маселелер жана канчалык көп кайрылышат?
Негизинен, даттануулар менен бизге финансы-кредиттик уюмунун кардарлары – банктык жана микрофинансылык кызматтардан керектөөчүлөр кайрылышат. Көпчүлүк учурда, керектөөчүлөр кредиттерин реструктуризациялоого көмөктөшүү, кандайдыр бир талаш маселелер боюнча же бузууга жол берилген укуктарын калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылышат.
Кандай учурларда Улуттук банкка кайрылууга болот жана кантип жардам бере аласыздар?
"КР Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 40-беренесине ылайык, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасынын ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Ошондой эле аталган берененин 5-пунктуна ылайык, ушул мыйзамда каралган учурларды эске албаганда, Улуттук банк банктардын күндөлүк ишине кийлигишпейт. Башкача айтканда, коммерциялык банк же банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан мыйзам талабын кандайдыр бир бузууларга жол берилбесе, Улуттук банк жана башка мамлекеттик бийлик органдары алардын кардар менен иш алып баруусуна кийлигишүүгө укугу жок.
Тактап айтканда, келишим шарттарын өзгөртүү маселеси тараптар ортосунда өз ара кошумча келишим түзүү аркылуу чечилет. Алсак, карыз алуучу кредит төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болгон учурда, биринчи кезекте ал сөзсүз түрдө ФКУга түздөн-түз кайрылып, кредитор менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кредит төлөө шарттарын кайра карап берүүнү өтүнүүгө тийиш. Кайсы бир кредитти реструктуризациялоо маселеси кредитор менен карыз алуучу ортосунда өз ара сүйлөшүү аркылуу чечилүүгө тийиш. Бул учурда кредиторго кредиттин төлөнбөй калгандыгы себеби, карыздын ордун жабуу мөөнөтү жөнүндө маалыматты, ошондой эле карыз алуучунун финансылык жагдайын жана төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтерди берүү зарыл.
Эгерде, керектөөчүнүн укугу бузууга жол берилсе же ал финансы-кредит уюмунун иш-аракети менен макул болбосо же буга чейин финансы-кредиттик уюмга жазуу түрүндө кайрылып, бирок кабыл алынган чечим менен макул болбосо, анда ал албетте Улуттук банкка финансы-кредит уюмунун ишине карата кандайдыр бир чара көрүү өтүнүчү же даттануу менен кайрылууга укуктуу. Кайрылууну кылдат карап чыгуунун жыйынтыгында Улуттук банктын талаптары бузууга жол берилгендиги аныкталса, ага карата таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн.
- Улуттук банк тарабынан жарандардын каттарын, арыздарын жана даттанууларын кароо тартиби жөнүндө айта кетсеңиз?
Жарандарды кабыл алуу, кайрылууларды жана даттанууларды каттоо жана кароо үчүн Улуттук банкта туруктуу негизде коомдук кабылдама, ошондой эле Улуттук банктын компетенциясына кирген маселелер боюнча коомчулукка маалымат жана консультация берген Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү иштейт.
Кайрылууларды кароодо биз "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзамга, ошондой эле ушул ченемдик-укуктук актынын негизинде иштелип чыккан Улуттук банктын ички жоболоруна таянуу менен иш алып барабыз.
Кайрылууда кайрылган адамдын жеке маалыматтары, кайра жооп жөнөтүлүүчү почта дареги, телефон номери, кайрылган маселенин маңызы, ошондой эле кол тамгасы жана датасы көрсөтүлүүгө тийиш. Жарандын арызы, даттануусу негиздүү болуусу абзел. Зарыл учурда, өтүнүч каттын ээсинин даттанууларын далилдеген документтерди тиркөө керек.
Белгилей кетүүчү нерсе, керектөөчүнүн жеке маалыматтары, ошондой эле кайра жооп жөнөтүлүүчү почта дареги көрсөтүлбөгөн кат жүзүндөгү кайрылуу анонимдүү катары таанылат жана ал кароого алынбайт.
Улуттук банкка жазуу жүзүндө сунушталган кайрылуу, катталган күндөн тартып
14 жумуш күнү ичинде каралат. Бирок жарандын кайрылуусу боюнча маселени чечүүдө атайын текшерүү (экспертиза), кошумча материалдарды талап кылуу же башка чараларды көрүү зарыл болгон учурда, даттанууну кароо мөөнөтү 30 календардык күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
Бул сунуштар финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланган керектөөчүлөргө кредитор менен так жана сабаттуу иш алып барууга жардам берет деп ишенебиз.
Жогорудагыларды эске алып, жарандар финансы-кредиттик уюмдардын аракеттери/аракетсиздиги жөнүндө арыз же даттануу менен Улуттук банктын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнө төмөнкү байланыштар аркылуу кайрыла аларын белгилейбиз:
- +996 (312) 61-45-78;
- +996 (312) 61-52-73;
- +996 (312) 61-52-79;
- +996 (555) 85-57-48;
- +996 (770) 73-73-49
Мындан тышкары, Улуттук банктын коомдук кабылдамасы иштейт:
- +996(312)61-04-86;
- +996(312)66-90-15;
- кошумча номерлер +1257, +1256.
Улуттук банк Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168.