Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жарандарды банк карталарын үчүнчү жактарга бербөөгө жана башка адамдардын акчасын сый акы үчүн которбоого чакырат.
Ведомствонун маалыматына ылайык, мындай аракеттер жарандардын мыйзамсыз акча жүгүртүүгө байланышкан кылмыштуу схемаларга аралашуусуна алып келиши мүмкүн. Башка адамдардын акчасын которуу үчүн банк карталарын же эсептерин берген адамдар “дропперлер” деп аталат жана алар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Буга байланыштуу ИИМ жарандарды банк карталарын жана эсептерге кирүү үчүн керектүү маалыматтарды бөтөн адамдарга бербөөгө, ошондой эле шектүү финансылык сунуштардан баш тартууга чакырат.
“Бүгүнкү жеңил акча эртең эркиндигиңизден ажыратуусу мүмкүн. Дроппер болбоңуз!” — деп эскертет министрлик.