Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. “Кыргызкөмүр” ишканасынын “Балыкчы” филиалы Балыкчы шаарынын тургундарын көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоону баштады. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, бул иштер “Кыргызкөмүр” ААК менен Балыкчы шаарынын мэриясынын ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде жүргүзүлүүдө.
22-октябрдан тарта “Балыкчы” филиалы күн сайын Кара-Кече кенинен 10 жүк ташуучу унаа менен көмүр ташып жатат.
Шаар тургундары үчүн көмүрдүн баасы 1 тоннасына 5100 сомду түзөт. Бул тариф Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бекитилген. Отун бир үй-бүлөгө 5 тоннадан ашык эмес көлөмдө берилет.
24-октябрга карата “Балыкчы” филиалынын автоколоннасы аркылуу жалпы 650 тонна көмүр жеткирилди.