Балыкчыда жолду реконструкциялоодо мыйзам бузуу аныкталды

Аймак 22 август 2025 15:50
537707183_18076085372068772_3273089561236885603_n.jpg
536198820_18076085384068772_7604252651078828137_n.jpg
536198820_18076085384068772_7604252651078828137_n (1).jpg
537707183_18076085372068772_3273089561236885603_n (1).jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Балыкчы шаарындагы жолдорду реконструкциялоодо мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Атап айтканда, Т.Молдо көчөсүн реконструкциялоодо "Чу Прокси" ЖЧКсы
тарабынан бекитилген долбоордун бузулушуна жол берилген. Мында жолго асфальт жука төшөлгөн. Жумуштар макулдашуусуз жана кайра экспертизадан өткөрүлбөстөн аткарылган.

Пландан тышкаркы текшерүүнүн жыйынтыгында подрядчыга эскертүү берилип, административдик айып салынган, бирок жаңыланган документтерди берүү талабы аткарылган эмес. Учурда ишти укук коргоо органдарына өткөрүп берүү маселеси каралууда.

Курулушту аяктоо үчүн мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы "4 Энержи" ЖЧКсы менен жаңы келишим түздү.