Балыкчыдагы жалпы дарыгердик практика борборунда жүрөк-кан тамыр оорулары бөлүмү ачылат

Ден соолук Загрузка... 18 Август 2025 16:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.08.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы жалпы дарыгердик практика борборунда жүрөк-кан тамыр ооруларын аныктоо жана дарылоо боюнча биринчи бөлүм ачылат. Бул тууралуу аталган борбордун директору Дамира Мусабаева билдирди.

WhatsApp Image 2025-08-18 at 16.55.47.jpeg

«Бүгүнкү күндө биздин имаратта капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат, андан кийин бул жерде катетеризация лабораториясы, башкача айтканда, жүрөк-кан тамыр ооруларын аныктоо жана дарылоо бөлүмү ачылат”, - деди Мусабаева.

Анын айтымында, мындай бөлүм Ысык-Көл облусунда биринчи жолу ачылат.

"Мындай бөлүм Бишкек шаарындагы Улуттук кардиология жана трансплантология борборунда гана бар. Экинчиси бизде ачылат. Долбоор президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылууда, ачылышы сентябрь айынын аягына октябрдын башына пландалууда", - деди ал.

Белгилей кетсек, жаңы бөлүмгө медициналык жабдуулар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 85 млн сомго сатып алынууда.

"Бүгүнкү күндө жүрөк-кан тамыр оорулары биринчи орунда турат, ошондуктан калкка чоң жардам көрсөтөбүз деген үмүттөбүз. Бул бөлүмдө бейтаптарга операциялар жасалып, дарылоолор да жүргүзүлөт", - деп кошумчалады Дамира Мусабаева.