Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Балыкчыда "Ынтымак" ААКтын 255,6 га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр - Тамчы айыл аймагында жайгашкан 255,6 гектар аянттагы жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны (кызыл китеп) акционердик коом тарабынан мыйзамсыз алгандыгы аныкталган.
Жогоруда аталган жер тилкеси Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын токтомунун негизинде мыйзам бузуу менен берилгени аныкталган.
Мындан тышкары, жер тилкеси көптөн бери өз багыты боюнча пайдаланылбай, иш жүзүндө өздөштүрүлбөй, каралбай калган.
Жогоруда аталган жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылып, "Ынтымак" ААКтын карамагындагы башка жер тилкелеринин мыйзамдуулугун текшерүү уланууда.