Балыкчыда саркынды сууларды тазалоочу курулмалар ишке кирди

Аймак Загрузка... 10 Октябрь 2025 17:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.10.2025. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкынын “Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында саркынды сууларды тазалоочу жаңы курулмалар ишке берилди. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын каржылоо боюнча долбоорлорду башкаруу департаментинин директору Сабырбек Өмүрканов билдирди.

WhatsApp Image 2025-10-10 at 16.28.20 (1).jpeg

Анын айтымында, суткасына 4 миң 200 куб метр саркынды сууну тазалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жаңы объект бардык зарыл сынактардан ийгиликтүү өтүп, пайдаланууга толук даяр. Долбоордун жалпы наркы 41 миллион АКШ долларын түзгөн. Анын ичинен 23 миллиону Азия өнүктүрүү банкы тарабынан насыя түрүндө, 14 миллиону гранттык негизде берилген. Ал эми калган сумма өкмөт тарабынан каржыланган.

WhatsApp Image 2025-10-10 at 16.28.22.jpeg

“Аймактын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган бул долбоор 2021-жылдын 28-майында башталган. Долбоордун алкагында эл аралык деңгээлдеги алдыңкы компаниялардын консорциуму менен саркынды сууларды тазалоочу станцияны долбоорлоо, жабдууларды жеткирүү жана орнотуу боюнча келишим түзүлгөн. Бардык курулуш иштери, тагыраагы жабдууларды жеткирүү жана орнотуу иштери белгиленген мөөнөттө бүткөрүлдү”,-деди ал.

WhatsApp Image 2025-10-10 at 16.28.22 (3).jpeg

Балыкчы шаарынын Суу түтүкчөлөр муниципалдык ишканасынын директору Самат Бактыбеков белгилегендей, Балыкчы шаарында жалпы 11 миң абонент таза суу менен камсыз болгон.

WhatsApp Image 2025-10-10 at 16.28.20 (2).jpeg

“Бирок, долбоор башталганга чейин алардын болгону 30 пайызы гана канализация системасына туташкан. Жаңы курулмалардын аркасында бул көрсөткүч 53 пайызга жетти. Ошентсе да, көптөгөн тургундар дагы эле кезек күтүп жатышат. Себеби, канализацияга болгон муктаждык абдан чоң. Калган тургундардын баары 2026-жылдын аягына чейин толугу менен канализация системасына кошулат”,-деп белгиледи ал.