Балыкчыда төрт тилкелүү айланма жолдун курулушу кызуу жүрүп жатат

Аймак Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 15:45
copyright icon Талант Солтобаевдин социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. Балыкчы шаарын айланып өтүүчү узундугу 6,4 чакырым болгон жаңы унаа жолунун курулушу активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдирди.

Анын айтымында, курулуш иштери 2026-жылдын апрель айында башталган. Долбоор төрт тилкелүү жолду, үч айланма кесилишти, темир жол аркылуу өтүүчү көпүрөнү, 12 суу өткөрүүчү түтүктү, велосипед жолун жана унаа токтотуучу жайды камтыйт.

Министр белгилегендей, жаңы айланма жол шаардын борборундагы транзиттик унаалардын агымын азайтып, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатат, жол жүрүү убактысын кыскартат жана аймактар аралык транспорттук байланышты жакшыртат.

Учурда курулуш аянтында 34 техника жана 60 адис иштеп жатат. Долбоордун аткарылышы Транспорт министрлигинин көзөмөлүндө.