Балыкчыда прокуратуранын жаңы имараты ачылды

Аймак 30 декабрь 2025 11:01
1 (1).jpeg
7.jpeg
5.jpg
4.jpg
3.jpg
2.jpg
Алдыга
Артка
1 (1).jpeg
7.jpeg
5.jpg
4.jpg
3.jpg
2.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. Башкы прокурор Максат Асаналиев Балыкчы шаарынын прокуратурасынын административдик имаратын расмий түрдө ачты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Иш-чарада Асаналиев бул административдик имарат прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн заманбап талаптарга ылайык жүргүзүүгө шарт түзүп, жарандар менен иш алып баруунун институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталгандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган иштер мындан ары да ырааттуу түрдө улантылат жана бул чаралар укук коргоо системасынын натыйжалуулугун арттырууга кызмат кылат.