Балыкчыда мыйзамсыз менчиктелген жер тилкеси мамлекетке өттү

Укук тартиби Загрузка... 30 Сентябрь 2025 15:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. УКМК тарабынан «Балыкчы-Жүргүнчү» МАК жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттук ишканасына тиешелүү болгон тиешелүү Балыкчы шаарындагы 1,8 гектар жер тилкеси жана мүлк комплекси мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталып, мамлекеттин балансына кайтарылды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө учурунда бул жер тилкесине жеке менчик укугун берүүчү мамлекеттик актылар («Кызыл китеп») мыйзамсыз алынганы белгиленди. Ошондой эле, бул мүлктөр Ысык-Көл облусунун мамлекеттик мүлк фондунан мыйзамсыз сатылганы аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында аталган мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылып, Балыкчы шаардык мэриясынын балансына өткөрүлдү.