Балыкчыда көлдөн 4200 метр тор чыгарылды

Аймак 15 октябрь 2025 09:36
565039154_18030739553718141_1299313654120247083_n.jpg
565185718_18030739535718141_5733304492302020949_n.jpg
565415419_18030739487718141_5079577710455608113_n.jpg
565607980_18030739526718141_1816203906476076392_n.jpg
563890379_18030739505718141_4446538230491987042_n.jpg
564034000_18030739508718141_6736414031390149121_n.jpg
564423831_18030739565718141_5502436914648414620_n.jpg
564530173_18030739517718141_833498018517103760_n.jpg
564636417_18030739478718141_1696726349150019765_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы

Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. Ысык-Көл акваториясын тазалоо иш-чарасынын жүрүшүндө Балыкчы шаарынын аймагынан 4200 метр эски синтетикалык тор алынып чыкты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-октябрдан 13-октябрга чейин Ысык-Көл облусунда жаратылышты коргоо жана суу ресурстарын тазалоо максатында экологиялык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын Туристтик-экологиялык милициясы активдүү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 4200 метрге жакын синтетикалык эски балык уулоо торлору алынып чыкты. Топтолгон таштандылар Балыкчы шаардык "Тазалык" кызматына тиешелүү тартипте өткөрүлүп берилди.

Бул аракеттердин негизги максаты — көлдүн экосистемасын коргоо, туристтик коопсуздукту камсыз кылуу жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу болуп саналат.