Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. Балыкчы шаарында 3700 батирлүү ипотекалык турак жай комплексинин пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынынан билдиришти.
Иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин айтымында, бул ири долбоор — президент Садыр Жапаровдун саясатынын ачык көрүнүшү. Президент үй маселесин элдин негизги муктаждыгы катары карап, аны чечүү боюнча системалуу иштерди жүргүзүп келет.
"Ар бир кирпич, ар бир бетон — бул мамлекеттин жоопкерчилигинин жана элге болгон камкордуктун белгиси. Туризмби, экономикабы баары адамдан башталат. Ал эми адамдын эң негизги кереги — бул өз үйү", — деди Каныбек Туманбаев.
Жаңы комплекс Балыкчы шаарын өнүктүрүү менен бирге, тургундардын жашоо шарттарын жакшыртууга, инфраструктураны кеңейтүүгө жана калктын турмуш сапатын көтөрүүгө өбөлгө түзөт.