Бишкек, 18.07.26 /Кабар/. Балыкчы шаарынын Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү шаар тургундарын жана эс алуучуларды "Алия" аймагында сууга түшпөөгө чакырды. Бул аймак адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу болгондуктан, анда эс алууга жана сууга түшүүгө тыюу салынат.
ӨКМдин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын маалыматына ылайык, "Алия" аймагы расмий пляж болуп эсептелбейт. Бул жерде куткаруучулар нөөмөттө турбайт жана коопсуздук үчүн зарыл болгон куткаруучу жабдуулар каралган эмес.
Мындан тышкары, көлдүн түбүндө калың балырлар, күтүүсүз терең чуңкурлар, темир калдыктары жана курч курулуш материалдары бар. Бул жагдайлар оор жаракат алууга же сууга чөгүп кетүү коркунучун күчөтөт.
Ошондой эле аталган аймакка баруучу жол темир жол аркылуу өткөндүктөн, поезд каттамына байланыштуу кырсыкка кабылуу тобокелдиги да жогору экени белгиленди.
Учурда кооптуу аймакка эскертүү белгилери орнотулган.
Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырып, сууга куткаруучулар иштеген расмий пляждарда гана түшүүнү сунуштайт.
Алар төмөнкүлөр:
- ”City Center” пляжы;
- ”Толкун“ пляжы.