Балыкчы шаарында жаштар борбору курулду

Аймак 04 Ноябрь 2025 15:00
575129412_1242341904598152_757108780334028032_n (1).jpg
575169036_1242341924598150_4304132085671338910_n.jpg
574089870_1242341897931486_3500782943254785817_n.jpg
Алдыга
Артка
575129412_1242341904598152_757108780334028032_n (1).jpg
575169036_1242341924598150_4304132085671338910_n.jpg
574089870_1242341897931486_3500782943254785817_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду

Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен Балыкчы шаарына Жаштар борбору курулду.

Фонддон билдиришкендей, борбордун курулушу Балыкчы шаардык мэриясы тарабынан сунушталып, фонддун Байкоочу кенеши колдоого алган.

Курулушка жалпысынан 4 млн 276 миң 500 сом бөлүнгөн. Учурда имарат толугу менен бүткөрүлдү.

Жаштар борборунун негизги максаты - өспүрүм балдарга жана жаштарга коопсуз жай түзүп берүү.

Борбор бир нече багыттарда иш алып бармакчы. Анда жаштар убактыларын пайдалуу өткөрө алат. Мисалга, бүгүнкү күндө жаштар үчүн маанилүү болгон англис тили, математика, ыктыярчылык, дебаттык, экологиялык клубдарга катышып, потенциалдарын ачуу менен бирге, лидерлик сапаттарын курчута алышат.

Ошондой эле жаштардын коомдо калыптанышына чоң жардам берүүнү жана ар тараптуу демилгелерди ишке ашырууга көмөктөшүүнү көздөйт.

Өлкө боюнча 32 жаштар борбору бар, алардын төртөө Ысык-Көл облусунда жайгашкан.