Балыкчы шаарына курула турган спорт комплексинин эскизи даяр болду

Аймак 18 июль 2025 12:00
520230468_18072734141068772_3755484998341665728_n.jpg
520286392_18072734174068772_8673648000319935409_n.jpg
520521274_18072734153068772_7193059330142537422_n (1).jpg
520998686_18072734165068772_7301783832779417207_n (1).jpg
521557513_18072734183068772_3834419045161169430_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Балыкчы шаарына курула турган жаңы спорт комплексинин эскизи даяр болду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Эскиздик долбоор Балыкчы шаардык курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.

Долбоордо 350 орундуу спорт залы, бокс, фитнес, күрөш, шахмат, теннис, бий жана йога залдары каралган. Объекттинин сырткы көрүнүшү заманбап стилде, жарык, экологиялык таза материалдар жана чоң айнек панелдери менен жасалып, табигый жарык менен визуалдык жеңилдикти камсыздайт.

"Бул спорт комплекси жергиликтүү аймактын спорттук инфратүзүмүн өнүктүрүүдө жана калктын активдүү жашоо образын колдоодогу маанилүү кадам болуп, шаар көркүн жаңылап, заманбап жана жагымдуу көрүнүшүнө салым кошот", - деп айтылат маалыматта.