Балыкчы шаарына 10 атайын техника тапшырылды

Аймак 19 Январь 2026 12:00
617232992_1301960695302939_3247433123009085871_n.jpg
617837655_1301960748636267_8614951074675932663_n.jpg
618974936_1301960961969579_4442468403452007898_n.jpg
Алдыга
Артка
617232992_1301960695302939_3247433123009085871_n.jpg
617837655_1301960748636267_8614951074675932663_n.jpg
618974936_1301960961969579_4442468403452007898_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду

Бишкек, 19.01.26 /Кабар/. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан Балыкчы шаарына 10 даана атайын техникасы сатып алынды.

Фонддон билдиришкендей, каржылоонун жалпы суммасы 60 млн сомду түздү. Алар - 1 автогрейдер, 2 чоң экскаватор, 1 мини-экскаватор, 1 бетон аралаштыргыч, 1 манипулятор, 1 автокран, 2 жүктөгүч, 1 трал.

Аталган техникалар Балыкчы шаарынын муниципалдык ишканаларынын материалдык-техникалык базасын чындоо максатында алынды.

Жаңы техникалар шаардын курулуш иштерине, коммуналдык-чарба иштерине жана социалдык-экономикалык жакшыруусуна чоң салымын кошмокчу.