Балыкчы шаары үчүн 100 млн сомго автобус жана атайын техникалар сатып алынат

Аймак Загрузка... 17 Июль 2025 15:59
avtobus-1200x630.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 17.07.25 /Кабар/. Балыкчы шаары үчүн 100 млн сомго автобус жана атайын техникалар сатып алынат. Бул туралуу жарандар менен жолугушууда президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, Туманбаевдин аймакка болгон сапары мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык өтүп жатат.

Ал бүгүн таң эрте УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жетекчилигинде өткөн жыйынга катышканын айтып, анда Балыкчыдагы абал тууралуу кеңири маалымат бергенин билдирди.

"Балыкчыда бир да жарактуу, заманбап атайын техника жок. Муниципалдык "Тазалык" ишканасы эски, жараксыз техникалар менен иштеп жатат. Эл нааразы — шаарды тазалоо мүмкүн болбой калды", — деди ал.

Анын айтымында, Камчыбек Ташиев бул маселени дароо жеке көзөмөлүнө алды.

"Ал 100 млн сом бөлүп берүүгө убада кылды. Бул каражатка шаар үчүн заманбап атайын техникалар жана кеминде 10 автобус сатып алынат. Бул Балыкчы үчүн чоң жардам болот жана эң негизгиси — бул иштер жакын арада башталат", — деп кошумчалады Туманбаев.