Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал темир жолу өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырып, экономиканын өнүгүшүнө жаңы дем бере турган стратегиялык долбоор болмокчу. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди.
Ал эске салгандай, 25-июлда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда узундугу 63 чакырым болгон Балыкчы – Кочкор темир жолунун биринчи тилкеси салтанаттуу ачылган. Бул долбоор тарыхый мааниге ээ, анткени Кыргызстан акыркы 78 жыл ичинде биринчи жолу темир жолду өз күчү жана өз каражаты менен куруп баштады.
"Биз ишкананын өз каражатынын эсебинен, темир жолчулардын күчү менен бул ири долбоорду ишке ашыра баштадык", – деди ал.

Анын айтымында, темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү экономикалык өсүштүн маанилүү факторлорунун бири болуп саналат. Анткени, логистиканын өнүгүшү товарлардын наркына, жүк ташууга жана сооданын кеңейишине түздөн-түз таасир этет.
Сакиев белгилегендей, биринчи этап аяктагандан кийин долбоор улантылып, учурда Кара-Кечеге жана андан ары Макмалга чейинки тилкелерди куруунун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатат.
"Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал долбоору өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн темир жол аркылуу бириктирет. Бул жүк ташууну көбөйтүп, логистикалык чыгымдарды азайтууга, унаа жолдорундагы жүктү жеңилдетүүгө жана ташуулардын коопсуздугун жогорулатууга шарт түзөт", – деди ал.
Темир жолдун Балыкчы – Кочкор тилкеси мамлекеттик ишкананын өз каражатынын эсебинен курулганын белгилеген Сакиев буга чейин чет элдик инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгү каралганын кошумчалады. Бирок чет өлкөлүк компаниялар курулуштун бир чакырымына 5-8 млн доллар сунушташкан. Ал эми кыргызстандык адистер тарабынан темир жолдун бир чакырымы болжол менен 955 миң долларга курулган.
"Бул өтө төмөн баа. Биз темир жолду өз күчүбүз менен сапаттуу кура аларыбызды далилдедик", – деп белгиледи Азамат Сакиев.