Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу кайсы этапта жүрүүдө - видео

Аймак Загрузка... 08 Апрель 2025 12:49
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунда Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулуш иштери уланууда, учурда 40-чакырымда бургулоо жана жардыруу иштери жүрүп жатат.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришкендей, Балыкчы – Кочкор темир жол линиясы өлкөнүн ички темир жол тармагын өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ. Келечекте бул каттам Макмал станциясы аркылуу Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолуна кошулуп, өлкөнүн ичинде бирдиктүү темир жол тармагын түзүүгө жол ачат.

Бул ири инфраструктуралык долбоор Кыргызстандын экономикалык жана транспорттук мүмкүнчүлүгүн гана кеңейтпестен, аймактарды өнүктүрүүнү шарттайт.