Балыкчы - Кочкор темир жолунда 1-декабрда бургулоо, жардыруу иштери жүргүзүлөт

Аймак 30 ноябрь 2025 10:45
DSC09494.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Snimok_ekrana_.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
DSC09494.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Snimok_ekrana_.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. 2025-жылдын 1-декабрында саат 11:00дөн 13:00гө чейин Түндүк–Түштүк альтернативдүү автожолунун Балыкчы – Кочкор тилкесиндеги 46-чакырымга жакын жайгашкан ПК 430+40 – ПК 430+90 участогунда бургулоо жана жардыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Мындан улам компания айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү бул маалыматты эске алып, альтернативдүү каттамдарды алдын ала пландаштырууну суранат.