Бишкек, 28.07.26. /Кабар/. Балыкчы – Казарман – Манас унаа жолунун 326–349-чакырымдарындагы кар көчкү коркунучу жогору болгон тилкелерде талаа изилдөө иштери жүргүзүлдү.
Бул иштер ӨКМдин Гидрометеорология кызматынын Кар көчкү бөлүмүнүн адистери тарабынан жүргүзүлдү. Адистер анда заманбап инновациялык технологияларды колдонуу менен тоо капталдарынын жогорку тактыктагы санариптик 3D моделдерин түзүштү. Ошондой эле кар көчкүнүн пайда болуу мүмкүн болгон аймактары аныкталып, анын жылыш траекториясы жана негизги параметрлери боюнча тиешелүү эсептөөлөр жүргүзүлүүдө.
Мекемеден белгилешкендей, жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн жыйынтыгы кар көчкү коркунучун азайтууга, жол инфраструктурасынын коопсуздугун камсыздоого жана алдын алуу иш-чараларынын натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.