Балыкчы – Каракол жолу жаңыланууда: Иштин жүрүшү кандай?

Аймак 08 Июнь 2026 16:45
720398298_1313527610955982_9206692085829875876_n (1).jpg
717248454_1313527654289311_2490194749171994254_n.jpg
718456718_1313527690955974_2190620654966530041_n.jpg
718510518_1313527640955979_66396508685671366_n.jpg
718952783_1313527617622648_1677553467454902484_n.jpg
719203026_1313527684289308_4379097968239395628_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 126–134-чакырым аралыгында реконструкциялоо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Учурда жолдун оң тарабындагы 126–134-чакырымга чейинки тилкеде асфальттын биринчи катмары төшөлүп бүттү. Ал эми сол тарабында 126–127+500-чакырымга чейинки аралыкка асфальт төшөлдү.

Мындан сырткары, 126–131-чакырымга чейинки бөлүктө жолдун негизин даярдоо иштери аткарылып, учурда битум чачууга даярдык көрүлүүдө.

"Муну менен катар жолдун инженердик курулмаларын куруу иштери да жүрүүдө. Тактап айтканда, 140+224-чакырымында оң жана сол тараптагы арматураланган темир-бетон тирөөч дубалдарын бетондоо иштери аяктады", — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда аталган тилкеде тирөөч курулмаларынын негизги бөлүгүн бетондоо, 135+275-чакырымында оң тарапка арматураланган темир-бетон тирөөч дубалдарын бетондоо иштери жүрүүдө.