Балыкчы – Каракол унаа жолун курууга кошумча жумушчу күчү тартылат

Аймак Загрузка... 01 Июль 2026 11:35
copyright icon Талант Солтобаевдин социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун курулуш иштерин жеринен текшерди. Бул тууралуу министр өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө негизги басым жол тилкелеринде аткарылып жаткан жумуштардын сапатына жана белгиленген мөөнөттөрүнүн так сакталышына жасалды.

Министр айрым тилкелерде курулуш иштерин тездетүү, материалдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана ишке тартылган жумушчу күчүн көбөйтүү боюнча жетекчилерге кечеңдеткис тапшырмаларды берди.

"Курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү үчүн жумуштарды күчөтүүнү тапшырдым", - деп билдирди транспорт министри.