Бишкек, 28.12.25 /Кабар/. Мындан ары Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун курулушун УКМК көзөмөлдөйт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган жолдун курулушу менен таанышып жатып билдирди.
Анда төрага курулушу дээрлик беш жылга созулуп кеткен жолдун куруучуларына нааразычылыгын билдирип, катуу эскертүү берди.
“Биздин негизги тапшырмабыз Ысык-Көл облусунун түштүк жээгинде салынып жаткан жолдун курулуш маселеси менен таанышуу.
Биз бийликке келгенден тарта, 2020-жылдын декабрь айынан тарта бул маселе көтөрүлө баштаган. Бирок, беш жылдан бери айта берип, улам тапшырмалар жаңылана берип, бир да маселе чечилген жок. Президент өзү мага ушул бул жолду көзөмөлдөө тапшырмасын коюп, жөнөттү. Бүгүндөн тарта бул курулуп жаткан жолду жеке көзөмөлүмө алдым. Демек, бул иш УКМК кызматкерлерине тиешелүү болот.
Президент бир нече жолу тапшырмаларды койду. Андан бери 3-4 жолу транспорт министри алмашып кетти. Акчалар бөлүнүп, кошулуп берилди.
Биринчи жылдары бир чакырым жолду 800 долларга жасайбыз дегенсиңер. Ал бүгүнкү күндө 1400 долларга чыкты. Макул деп көтөрүп бердик. Дагы деле жасап бүтпөй атасыңар. Силерге эмне керектигин түшүнбөй жатам.
Демек, бул жерде уюштуруучулук, аткаруучулук иштер жана мамлекет тарабынан көзөмөлдөө иштери начар болуп жатат.
Жол жаңыдан салынып жаткан жок. 141 чакырым жолду кеңейтүү, стандартка шайкеш келтирүү тапшырмасы гана коюлган. Аны да аткара алган жоксуңар.
Курултайдын алдында президент мени чакырып, өз жумушун, мамлекеттин ишин жасай албай, тоготпой жаткандарды камагыла деди. Мен андан өзүм барып алар менен кеңешейин, акылдашайын деп убакыт сурап алдым. Мындан ары жеке менин көзөмөлүмдө болосуңар. Керек учурда өзүм келип, жасалып жаткан иштерди текшерип турам”,-деди ал.