Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу заманбап трассага айланууда

Аймак Загрузка... 16 Июль 2026 09:40
copyright icon Талант Солтобаевдин социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолун реконструкциялоо иштери кызуу уланууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдирди.

Анын айтымында, өлкө үчүн стратегиялык мааниси бар бул жолдун курулуш сапаты, аткаруу темпи жана мөөнөттөрүнүн сакталышы министрликтин жеке көзөмөлүндө турат.

"Жолдун жалпы узундугу 141 чакырымды түзөт жана II категориядагы, төрт тилкелүү заманбап жолболуп курулууда. Коопсуздук үчүн жолдо карама-каршы кыймылды бөлүп турган ортоңку барьердик тосмолор орнотулат. Учурда унаа жолунун 0дөн 25-чакырымына чейинки аралыгы толугу менен реконструкцияланып бүтүп, кабыл алуу иштери жүрүп жатат. Ал эми жолдун калган бөлүктөрүндө негизги курулуш жумуштары дээрлик аяктап, акыркы этаптагы асфальт төшөө жана жасалгалоо иштери улантылууда", - депди ал.

Белгиленгендей, транспорт министри жол курулушунун сапатын текшерүү үчүн подряддык уюмдардын ишин жеринде туруктуу көзөмөлдөөнү улантат.