Бишкек, 25.03.26. /Кабар/ Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жалпы узундугу 141,6 чакырымды түзгөн Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолун реконструкциялоо долбоорунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Ведомствонун маалыматына караганда, учурда жолдун 0дөн 25-чакырымына чейинки тилкесинде курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Жакын арада бул тилкени пайдаланууга берүү пландалууда.
Ал эми жолдун калган бөлүгүндө (25-чакырымдан 141,6-чакырымга чейин) курулуш иштерин ушул жылдын аягына чейин толугу менен бүтүрүү көздөлүүдө.
Ошентип, Ысык-Көлдүн түштүк жээгин бойлой кеткен Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолун реконструкциялоо иштери 2026-жылы толугу менен аяктайт.