Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолу эки тараптуу ачык

Аймак Загрузка... 25 Август 2025 10:08
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолу эки тараптуу ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-августта кечки саат 22:00-23:00дор чамасында Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 32-38-чакырымдар аралыгында (Кара-Талаа менен Шор-Булак айылдарынын ортосу) нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.

Жерине дароо тиешелүү техникалар тартылып, 25-августка караган түнү саат 01:00дө каттам берилген.

Азыркы тапта жол ачык, унаа кыймылына чектөө жок.