Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунда каттам ачылды

Аймак Загрузка... 31 Июль 2025 11:58
copyright icon ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы

Бишкек, 31.07.25. /Кабар/. Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол авто жолунун 97-чакырымындагы сел алып кеткен убактылуу жол калыбына келтирилип, каттам берилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, аталган тилкеге тез арада жолчулар тарабынан атайын техникалар тартылып, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүшкөн.

Белгилей кетсек, бүгүн, 31-июлда Тоң районунда алдын ала маалымат боюнча саат 06:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Кажы-Сай айылында сел жүргөн.

Сел суусу Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол убактылуу салынган айланма унаа жолунун болжол менен 154-чакырымында орнотулган бетон шакекчелерди жууп кетип, жол жараксыз абалга келген.