Балыкчы - Барскоон - Каракол жолуна көпүрөлөр жана эки деңгээлдүү жол түйүнү салынууда

Аймак 18 август 2025 15:25
WhatsApp Image 2025-08-18 at 15.35.00.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-18 at 15.35.02 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-18 at 15.35.02 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-18 at 15.35.02 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-18 at 15.35.02.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-18 at 15.35.01 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-18 at 15.35.01 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-18 at 15.35.01 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-18 at 15.35.01.jpeg
WhatsApp_Image_2025-08-17_at_16_DlmIS64.20.42.width-800.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.08.25 /Кабар/. “Кабар” агенттигине “Кыргыздортранспроект” мамлекеттик ишканасынын инженери Султан Эшназаров узундугу 140 чакырымды түзгөн Балыкчы - Барскоон - Каракол жолунун курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, долбоорго төрт подрядчы катышууда. Бүгүнкү күндө жолдун 60 чакырымына асфальт-бетон төшөлмөсүнүн биринчи катмары төшөлсө, 30 чакырымына экинчи катмар жаткырылды.

"Сел суулары агып өтүүчү жерлерге түтүктөрдү жана көпүрөлөрдү орнотуу иштери кызуу жүрүп жатат. Долбоордун алкагында пландалган беш көпүрөнүн курулушу толугу менен аяктады", - деп белгиледи Эшназаров.

Коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда. Аталган унаа жолдун Балыкчы - Кочкор темир жол линиясы менен кесилишкен 5-чакырымда эки деңгээлдүү жол түйүнү долбоорлонгон. Бул үчүн унаа жолдун астынан темир жолду өткөрүүгө мүмкүндүк берүүчү металл конструкциялардан өтмөк курулган.

Ошондой эле саздак жерлерди казуу жана кургатуу үчүн 4 чакырымга жеткен канал курулду.