Балыкчы — Барскоон — Каракол жолуна асфальт басуу башталды

Аймак 823 20 Март 2026 13:46
IMG_1696.jpeg
IMG_1697.jpeg
IMG_1698.jpeg
IMG_1699.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_1696.jpeg
IMG_1697.jpeg
IMG_1698.jpeg
IMG_1699.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек.20.03.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 2026-жылга карата алгачкы асфальт басуу иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Чүй жана Ысык-Көл облустарына иш сапары менен барып, жол куруу иштерине даярдык жана материалдардын камсыздалышы менен жеринде таанышты.

Маалым болгондой, Россия менен түзүлгөн келишимдин негизинде быйылкы жылга каралган битумдун алгачкы партиясы алынып келинип, атайын сактоочу жайларга түшүрүлө баштады. Бүгүнкү күндө Жел-Арык жана Кыямат-Кыркоол битум базаларына — 1160 тонна, ал эми түштүк аймактар үчүн Шамал-Терек базасына — 860 тонна битум жеткирилди.

Иш сапардын жүрүшүндө Т. Жаныбеков Балыкчы — Барскоон — Каракол автожолунун тилкесинде аткарылып жаткан иштерди жеринде текшерип, подрядчы ишканаларга курулуштун сапатын камсыздоо жана мөөнөттөрүн сактоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.