Балыкчы - Барскоон - Каракол унаа жолунда ири металл конструкциясы колдонулууда

Аймак Загрузка... 18 Август 2025 17:22
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.08.25 /Кабар/. Балыкчы - Барскоон - Каракол унаа жолунда ири металл конструкциясы колдонулууда. Бул тууралуу “Кыргыз жол курулуш” компаниясынын директору Бакыт Исмаилов билдирди.

WhatsApp Image 2025-08-18 at 17.21.37.jpeg

Анын айтымында, аталган компанияга үч бөлүккө бөлүнгөн 75 чакырым жолду куруу тапшырмасы берилген: биринчиси – 25 чакырым, экинчиси – 46 чакырым жана үчүнчүсү – 5 чакырым.

“Биринчи тилкеде Кыргызстан үчүн ири металл конструкция — Россиядан алынып келинген гофрленген металл түтүк колдонулуп жатат. Анын узундугу 50 метрден, туурасы 12 метрден ашат, бийиктиги 7-8 метрге жетет. Бул конструкциянын астынан эки темир жол өтөт”, - деп белгиледи Исмаилов.

WhatsApp Image 2025-08-18 at 17.17.21.jpeg

Мындан тышкары, долбоордо эки катмар асфальт төшөө каралган. Биринчи катмардын калыңдыгы 9 сантиметрди түзөт.

Эске салсак, буга чейин аталган жолдун 60 чакырымына асфальт-бетон төшөлмөсүнүн биринчи катмары ал эми 30 чакырымына экинчи катмар төшөлгөнү маалымдалган. Долбоорго төрт подряддык компания тартылган.