Мамлекет балдардын келечеги үчүн бардык шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Анткени балдардын кубанычы – өлкөнүн кубанычы, алардын жаркын келечеги – мамлекеттин бекем келечеги. Балага татыктуу тарбия, терең билим берүү улуттун келечегине инвестиция салуу болуп эсептелет. Ошондой эле алар эртең эле мамлекеттин чыныгы атуулу болуп жетилет. “Кабар” агенттиги акыркы жылдары өлкөдө мектепке чейинки билим берүү тармагында жасалып жаткан иштер тууралуу азын-оолак айтып берет.
2025-жылдын 1-декабрына карата Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 7 млн 395 миң адамга жетти. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын январь-ноябрь айларында республиканын калкы 112,8 миң адамга, же 1,5 пайызга көбөйдү. "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин маалыматына таянсак, 2025-жылдын январь-ноябрь айларында жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында 127,8 миң ымыркай катталган. Натыйжада калктын табигый өсүшү 98,5 миң адамды, же калктын ар бир 1000 адамына 19ду түздү. Өткөн жылы табигый өсүштүн эң жогорку деңгээли Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталган.

Агартуу министрлигинен "Кабар" агенттигине билдиришкендей, 2021–2025-жылдары мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдардын саны 199 миң 813төн 276 миң 18ге чейин өстү. Ал эми бала бакчалардын саны 1648ден 2104 бала бакчага жетти. Тармакта жаңы бала бакчалар курулуп, кыска мөөнөттүү билим берүү формалары киргизилип, ваучердик каржылоо жана санариптик башкаруу механизмдери өнүктүрүлдү.
Кыргызстанда акыркы беш жылда мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, инфраструктураны өнүктүрүү, билим берүүнүн мазмунун жаңылоо жана тармакты башкаруунун жаңы механизмдерин киргизүү боюнча иштер жүргүзүлдү.
Балдарды камтуу кеңейди

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбияланган балдардын саны 276 миңге жетти. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 76 миң 205 балага көп.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 1–6 жаштагы балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмдарына катышуу көрсөткүчү 2021-жылдагы 24 пайыздан 2025-жылы болжол менен 35 пайызга чейин өскөн. Ал эми 3–5 жаштагы 51% балдар бала бакчага барууда.
Жаңы бала бакчалар курулууда

2021–2025-жылдары билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп, республикада 147 жаңы бала бакча курулду жана 18 бала бакча капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
- 2021-жылы — 21;
- 2022-жылы — 10;
- 2023-жылы — 16;
- 2024-жылы — 59;
- 2025-жылы — 41.

Мындан тышкары, иштеп жаткан бала бакчалардын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу, кошумча топторду ачуу жана уктоочу бөлмөлөрдү өнүктүрүүчү мейкиндиктерге ылайыкташтыруу иштери жүргүзүлдү. Жыл сайын 570 бала бакчанын уктоочу жайлары оптималдаштырылып 57 миңден ашык бала кабыл алынды.
Бүгүн дүйнө билим менен өнүгүп, илим менен ар кандай бийиктиктерге жетип жатат. Ар бир мамлекет өз ийгилигин билимдүү жарандары аркылуу курууда. Кыргызстан да мындай дүйнөлүк өнүгүү агымынан артта калбоого багытталган иштерди алып барууда. Мамлекеттин инфратүзүмдү жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатканы да ушул себептен десек болот.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө боюнча 100 социалдык объект ишке киргизилген. Анын ичинен 28и бала бакча болуп саналат.

Президент Садыр Жапаров “Бишкек Арена” стадионунун ачылыш аземинде 6 жылдын ичинде Кыргызстанда 1 075 объект курулганын белгилеген. Анын ичинде мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, маданият имараттары жана башкалар бар. Ошондой эле өлкө башчысы мындан бир нече жыл мурда, 2020-жылдын аягында, мамлекеттик бюджет өтө оор абалда болгонун эске салды. Бирок 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджет 187 млрд сом өлчөмүндөгү оң көрсөткүч менен аткарылган.
“Биздин ички дүң продукциябыз 2021-жылдын аягында өсө баштаган. 9%дан кем эмес, мына 4-5 жылдан бери токтобой өсүп келет”, - деп билдирген президент.
Анткени экономиканын өсүшү бала бакча өңдүү социалдык объекттерди курууга каражат бөлүүгө өбөлгө болууда. Мамлекет 2028-жылдан тартып мектептердин жана башка социалдык объектилердин жетишсиздиги көйгөй болбошу үчүн алдыга пландарды коюуда.
Агартуу министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова “Кабар” агенттигине берген маегинде Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү тармагында комплекстүү иштер аткарылып жатканын белгилеп, бир катар алгылыктуу иштерди тизмектеди.

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар жана альтернативдүү форматтар
Мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында салттуу толук күндүк бала бакчалар менен катар кыска мөөнөттүү бала бакчалар жана өнүктүрүү борборлору уюштурулду. Республика боюнча 560 кыска мөөнөттүү бала бакча жана өнүктүрүү борбору түзүлүп, бул бала бакчаларга 32 миң 200 бала камтылган.
Кыска мөөнөттүү форматтар балдарга жаш курагына ылайык өнүгүү жана мектепке даярдык программаларына катышууга шарт түзөт. Ошондой эле алар имараттарды натыйжалуу пайдаланууга жана бала бакчага болгон муктаждыкты азайтууга жардам берет.
Мындан тышкары, 2023-жылдан тартып үй тибиндеги бала бакчаларды уюштуруу боюнча да иштер жүргүзүлдү. Учурда 277 үй тибиндеги бала бакча ачылып, болжол менен 6200 ашык бала камтылган. Аларга 813 кызматкер ишке тартылды.
Ваучердик каржылоо жана жеке секторду колдоо
2024-жылдын 18-ноябрында министрлер кабинетинин токтому менен мектепке чейинки билим берүү кызматтарын ваучердик каржылоо механизмин пилоттук апробациялоо каралып, социалдык жактан аялуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, ошондой эле белгиленген критерийлерге жооп берген башка категориялардагы балдарга жеке менчик бала бакчалардын кызматтарынан пайдаланууга колдоо көрсөтүлдү. 277 жеке менчик балдар бакчаларында 600дөн ашык балдарга бул кызматтар көрсөтүлдү.
“Бул программанын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга айына 2000 сомдон 4560 сомго чейин компенсация алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Ваучердик механизмдин максаты — мамлекеттик бала бакчалардын орундарын гана көбөйтүү менен чектелбестен, жеке сектордун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу аркылуу балдардын билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү”, - деп белгиледи Нурзида Касымова.
Санариптик башкаруу өнүктүрүү
Балдарды бала бакчага кабыл алууну жеңилдетүү максатында электрондук кезек системасы өнүктүрүлүп, жеке менчик бала бакчаларды каттоо жана ваучердик каржылоону башкаруу үчүн "Балалык" автоматташтырылган маалыматтык системасы колдонулууда.
Системада менчигинин түрүнө карабастан республикадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бирдиктүү реестри түзүлдү.
Санариптик механизмдер ата-энелерге маалымат алууну жеңилдетүүгө, арыздарды электрондук түрдө кабыл алууга жана ваучердик колдоону башкарууга шарт түзөт.
Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандарты жаңыланды
2025-жылдын 15-майында министрлер кабинетинин токтому кабыл алынган. Документ мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салууга, аларды түзүү жана башкаруу боюнча бирдиктүү талаптарды белгилөөгө, балдардын тамактануусун уюштурууну тартипке келтирүүгө жана билим берүүнүн мазмунун жаңылоого багытталган.
Жаңы стандарттын алкагында 1–6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү программасы жана 4–5 жаштагы балдардын өнүгүүсүн баалоо куралы иштелип чыккан.
Бул кадамдар мектепке чейинки билим берүүнү балдарды камтуу көрсөткүчтөрү менен гана эмес, алардын өнүгүүсүнүн натыйжалары менен да баалоого шарт түзөт.
Балдардын логикалык, сынчыл жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, эрте курактан изилдөө жүргүзүү, байкоо, салыштыруу көндүмдөрүн калыптандыруу, улуттук баалуулуктарды заманбап илим менен айкалыштыруу максатында 160 бала бакча стем жабдуулары менен жабдылып, инновациялык, коопсуз жана кызыктуу билим берүү чөйрөсү түзүлдү.
100 бала бакчада көп тилдүү билим берүү программасы мектепке чейинки курактагы балдардын кыргыз тилин негизги тил катары бекем өздөштүрүүсүн камсыз кылуу менен бирге, орус жана англис (же башка) тилдерине болгон кызыгуусун эрте курактан калыптандыруу, көп маданияттуу чөйрөдө эркин баарлаша алган инсанды тарбиялоо максатында ишке ашууда.
Андай бала бакчалардын санына токтолсок, Бишкек шаары-75, Ош шаары-10, Нарын, Ат-Башы району-5, Ош облусу, Кара-Суу району-5, Өзгөн шаары-2, Баткен облучу, Кадамжай району-3.
Кадрларды даярдоо жана билим берүүнүн сапаты
Мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү менен катар тарбиячыларды даярдоо жана алардын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Өлкө боюнча 2026-жылдын март айынан тартып мектепке чейинки билим берүү тармагында эмгектенген 250 мастер-тренерлер даярдалып, 6 миңден ашык тарбиячылар “Стандарттан натыйжага карай” аталышындагы 72 сааттык окуудан өткөрүлдү. Кыска мөөнөттүү бала бакчалардын тарбиячылары да окутулуп, жаңы мамлекеттик стандарттын талаптарына ылайык методикалык камсыздоону жакшыртуу чаралары көрүлдү.
Мындан тышкары, “Билимдүү муун” платформасында “Жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматы” башталгыч курсу уюштурулуп, 2541 адам катталып окуудан өтүп жатышат, алардын ичинен 1550 адам окугандыгы тууралуу сертификат алышты. Бул курс акысыз, туруктуу негизде ишке ашууда.
Балдардын эрте өнүгүүсүн баалоо инструменттерин иштеп чыгуу жана колдонуу да билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган иштердин бири болду.
Балдардын тамак-ашын уюштуруу
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 2025-жылы биринчи жолу 12 пилоттук бала бакчаларда заманбап ашкана жабдуулары орнотулду. Демилгенин алкагында ашпозчулар үчүн балдардын тамак-ашынын сапатын жана коопсуздугун жакшыртууга багытталган окутуу сабактары өткөрүлдү.
2026-жылы 13 пилоттук бала бакчаларда заманбап ашкана жабдуулары орнотулууда. Алардын ашпозчулары Республикалык жана Түштүк компетенция борборлорунда окуудан өткөрүлүүдө.
Кийинки этаптын негизги милдети — сапат жана туруктуулук
Акыркы беш жылда мектепке чейинки билим берүү тармагында балдарды камтууну кеңейтүү, жаңы инфраструктура түзүү, альтернативдүү кызмат көрсөтүү формаларын киргизүү, жеке секторду тартуу жана башкарууну санариптештирүү багыттарында иштер аткарылды.
Нурзида Касымованын айтымында, алдыда камтуунун өсүшүн билим берүүнүн сапаты менен айкалыштыруу, аймактардагы орун жетишсиздигин азайтуу, кадрдык камсыздоону жакшыртуу, каржылоонун туруктуулугун камсыз кылуу жана жаңы мамлекеттик стандарттын талаптарын иш жүзүндө аткаруу негизги милдеттерден болуп саналат.
“Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги максаты ар бир баланын сапаттуу билим алууга, өнүгүүгө жана мектепке даярданууга тең мүмкүнчүлүк алышын камсыз кылуу болуп саналат”, - деп айтты ал.
“Өкмөттүк акселераторлор” программасын жайылтуунун алкагында өлкөдө үй тибиндеги бала бакчалардын саны да артып жатат. Бул тууралуу билим берүү тармагы боюнча эксперт Асылбек Жооданбеков “Кабар” агенттигине билдирди.

Бул программанын алкагында бала бакчаларды ачууга лицензия берүүдөгү коррупциялык системаны жоюу жана жеке ишкерлер тарабынан коопсуздук талаптарын сактоо менен турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү каралган.
Бала бакчалардын санынын көбөйүшү бардык аймактарда мектепке чейинки курактагы балдардын өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканынан кабар берет.
Асылбек Жооданбековдун пикиринде, мамлекет бала бакчаны ачуу иштеринин жеңилдеткени оңтойлуу болду. Ошондуктан жеке бала бакчалардын саны өстү.
“Кенже курактагы балдарды өнүктүрүүдө ата-энелердин да ролу чоң. Азыр ата-энелер балдардын өнүгүүсүнө маани берип, кам көрүп жатышат. Физикалык жактан гана чоңойтуп тим болбостон, аларды толук кандуу өнүктүрүүгө бет алып жатканы да жакшы көрүнүш”, - деди ал.
Ошондой эле Асылбек Жооданбеков балдарды ар тараптан өнүктүрүүчү борборлор, курстардын иш алып барып жатканын да белгилеп өттү.
Мындан тышкары, мурдагы Билим берүү жана илим министрлигинин функциялары кайра каралып чыгып, Агартуу министрлиги болуп өзгөртүлгөн. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине кесиптик лицейлер жана жогорку окуу жайлар карап калды. Мындай өзгөрүүлөр тармактардагы иштерди алгылыктуу алып барууга көмөк берүүдө.

Айгүл Жолдошева Бишкектеги №93 бала бакчада 2017 –жылдан бери иштеп келет. Ал былтыр "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык сынагында 1-орунду ээлеген. Учурда өзү иштеп келген бала бакчанын директору кызматын аркалап келүүдө. Айгүл Жолдошева "Кабар" агенттигине билдиригендей, бала бакчалардын кем карчысы мамлекет тарабынан толугу менен камсыздалып жатат. Болгону ата-энелер балдардын тамактануусу үчүн каражат берет.
Айгүл Жолдошеванын айтымында, мамлекет жаңы муунду тарбиялоодо талыкпай эмгектенип жаткан тарбиячылардын ролун жогору баалоодо. Алардын айлык акысы акыркы ирет ушул жылдын 1-апрелинен тарта көтөрүлгөн.

“Мага балдардын жан дүйнөсү жакын болгондуктан, аларга байланып 8 жылдан бери тарбиячы болуп эмгектендим. Таң эрте бакчага келип, күн батканга чейин алар менен чогуу жүрүүдөн эргүү алабыз. Балдардын жүрөгү таза, алар менен иштөө башкача бир энергия берет. Акыркы жылдары биз балдарга улуттук баалуулуктарды билүүнү, мекенчил, намыскөй элдин уул-кызы болушу керектигин жеткирүүгө басым жасап келебиз. Айлык акыбыз мурдагыга салыштырмалуу кыйла эле жогорулады. Мисалы, 2020-жылы мен тарбиячы болуп турган кезде жарым күн иштегендиктен 16 миң айлык алчумун. Ал эми толук иштегендердики 28 миңдей болчу. Бүгүнкү күндө тарбиячылардын айлыгы эмгек тажрыйбасына жараша 58-60 миңге чейин жетет. Мурда бала бакчанын директорунун эмгек акысы 15 миң болсо, азыр менин айлыгым 43 миң сомду түзөт”, - деди ал.