Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Бала бакча, ийрим жана мектептерге баруу мезгилинин башталышы менен балдардын иммунитети стресске кабылып, ошондой эле температуранын кескин өзгөрүшүнүн таасири да байкалат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти.
Иммунитеттин калыптанышы бир нече убакытка созулган процесс: жашоонун 28-күнүнө чейин, 4-6 айга чейин, 2 жылга чейин, 4-6 жашка чейин, 12-15 жашка чейин.
Иммунитетти бекемдөө үчүн төмөнкү чаралар сунушталат:
Балансталган тамактануу
Балдардын тулку-боюнун активдүү өсүү мезгилинде витаминдерди жана минералдарды жетиштүү көлөмдө алуу өзгөчө маанилүү жана алар тамак-аштын курамында болушу шарт.
Уйку режими жана сергектик
Режимди сактоо нерв системасынын жана бүт организмдин чарчашын алдын алууга жардам берет.
Үй-бүлөдөгү психоэмоционалдык атмосфера
Үй-бүлөдөгү атмосфера балдардын психоэмоционалдык абалына чоң таасирин тийгизет. Мектеп жана бала бакча бул тынымсыз стресстик кырдаалды жараткандыктан, бала үйдө өзүн коопсуз жана тынч сезиши өтө маанилүү.
Таза аба жана физикалык активдүүлүк
Активдүү спорттук кыймыл физикалык жана психикалык өнүгүү үчүн пайдалуу. Таза абада дайыма сейилдөө дагы ашыкча болбойт.
Витаминдик-минералдык комплекстер
Экологиялык абалдын кескин начарлашына жана көптөгөн азыктардын азыктык баалуулугунун төмөндөшүнө байланыштуу сиздин үй-бүлөлүк дарыгериңиз тамактанууңузду витаминдер жана минералдар менен кошумча толуктоо керек деп да эсептеши мүмкүн.