Балдарды коргоо күнүнө карата 430 бала бакчага телевизор берилди

Коом Загрузка... 03 Июнь 2025 12:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 03.06.25. /Кабар/. Күн мурун Агартуу министрлигинде Балдарды коргоо күнүнө карата республика боюнча 430 бала бакчага телевизорлор тапшырылды.

Ведомстводон билдиришкендей, бул колдоо мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана тарбия берүү процессинде заманбап технологияларды кеңири колдонууга өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев: “Телевизорлор мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталып, жаш өспүрүмдөрдүн ар тараптуу өнүгүүсүнө жардам берет деп ишенебиз”, – деди.

Ошондой эле, министрдин орун басары Надира Жусупбекова тарбиячыларды 2024-2025- окуу жылын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, буларга токтолду:

“Сиздердин күч-аракетиңиздер менен балдарыбыз мыкты билим алып жатышат. Талыкпай эмгектенип, балдарга билим, тарбия берип жаткан бардык тарбиячыларга ыраазычылык билдиребиз. Жаңы окуу жылын жакшы даярдык менен баштап, ар тараптан колдоо көрсөтө беребиз”,-деди.

Белгилей кетсек, телевизорлор министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан берилди.