Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Ош шаарында 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган майрамдык салтанатка катышып, өлкөнүн бардык жаш тургундарын куттуктады.
Ал өз сөзүндө азыр дүйнөдө балдарды коргоо талабы өзгөргөнүн айтып, негизги 5 нерсеге токтолду: ар бир балага бирдей шарт түзүү, аларды келечекте эмес – азыртадан эле өлкөнүн жараны деп билүү, интернет заманында боорукерлик менен адепти үйрөтүү, катылган талантын ачуу жана балага азыртан акча жумшоо – бул мамлекеттин келечегине салынган камкордук экенин белгиледи.
"Кыргызстанда 18 жашка чейинки 2 миллион 715 миң бала бар. Бул – 2 млн 715 миң кыял, талант жана биздин келечек", – деди минкаб төрагасынын орун басары.
Анын айтымында, акыркы 5 жылда өлкөдө 394 жаңы мектеп салынып, 114ү капиталдык оңдоодон өттү. Жалпысынан 673 билим берүү мекемеси жаңыланды.
"Мектептердин 94 пайызы (2 250 мектеп) заманбап спорт залдары менен камсыз болду. 70 мектепте STEM лабораториялары ачылып, мектептердин 60 пайыздан ашыгы толук комплекттелген компьютердик класстарга ээ болду. Мыкты окуган жаштарга 50 миң долларлык "Эл үмүтү" стипендиясы берилүүдө. Ал эми социалдык багытта 1-июлдан тарта 3 жашка чейинки балдарга жөлөк пул бериле баштайт, ошондой эле ар бир жетим балага 500 миң сомдон мамлекеттик депозит ачылган", – деп кошумчалады.
Маматканов балдарды билим алууга өзгөчө көңүл бурууга чакырып, аларга ачык асман жана бактылуу балалык каалады.