Балдарды коргоо күнү. Манаста өзгөчө балдарга 300 миң сомдук колдоо көрсөтүлдү

Аймак 490 01 Июнь 2026 10:10
712099800_2099283094272277_6903142961674188473_n.jpg
712116071_2099283017605618_7962796572609674411_n.jpg
712160543_2099283104272276_6663721412333835875_n.jpg
712668864_2099283020938951_5803299293894766779_n.jpg
714931359_2099283057605614_6340695417209537272_n.jpg
710799416_2099272040940049_2210398853017632036_n.jpg
710868827_2099283050938948_5504016008105154002_n.jpg
711310039_2099283174272269_1354686094938662884_n.jpg
711729959_2099283127605607_3390815372995008586_n.jpg
711744956_2099283160938937_159340579065083391_n.jpg
712006545_2099283237605596_6090018895916751104_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Манас шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде тарбияланып жаткан балдарды куттуктады.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, майрамдын алкагында ыйгарым укуктуу өкүлдүн демилгеси менен демөөрчүлөр тарабынан аталган мекемеге жалпы суммасы 300 миң сомду түзгөн гигиеналык жалаяктар (памперстер) тапшырылды. Бул жардам мекемедеги балдардын дээрлик бир жылдык муктаждыгын камсыздоого шарт түздү.

Тилек Текебаев көрсөтүлгөн колдоо үчүн демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, коомдун аярлуу катмарындагы балдарга көмөк көрсөтүү үлгүлүү адамдык сапаттардын бири экенин кошумчалады. Ошондой эле балдарга бекем ден соолук, узак өмүр жана кең келечек каалады.

Белгилей кетсек, учурда Манас шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 156 бала тарбияланып келет.