Балдарды коргоо күнү. Бишкекте акысыз спектакль жана майрамдык концерт өтөт

Маданият Загрузка... 29 Май 2025 12:55
bek_2018-1200x630.jpg

Бишкек, 29.05.25 /Кабар/. Бишкекте 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата акысыз театрлаштырылган оюн-зоок жана майрамдык концерт өтөт.

Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын басма сөз кызматы билдиргендей, майрамдык иш-чара театрдын алдындагы аянтта белгиленет.

"Шайыр жана унутулгус "Узун байпак Пеппи" театралдаштырылган спектакли көрсөтүлүп, тентек Пеппи жана анын достору сизди музыкага, ыр-бий дүйнөсүнө жетелеп, түркүн түстүү жасалгаларга толгон укмуштуу окуялардын дүйнөсүнө алып барышат",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, майрамдык концерт таланттуу артисттер жана таланттуу ырчылардын коштоосунда өтөт.

Кирүү акысыз. Иш-чара саат 11:00дө башталат.